Жаңылыктар
Кырсык: 16 жоокер жаракат алды
Кырсык
Кырсык: 16 жоокер жаракат алды

Оштон Бишкекке келе жаткан аскерлер кырсыкка учурады. Автоунаадагы 16 жоокердин айрымдары оор жаракат алышкан. Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп экени айтылды. Мындан улам аскер бөлүгүнүн жетекчилигине сындар айтылууда. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы окуяга байланыштуу кызматтык териштирүү баштады.

Аскердик унаанын кырсыкка учурашы токтотмо тетиктин иштебей калышына байланыштуу деген алдын-ала корутунду чыгарылууда.  Кырсыкка кабылгандар түрдүү жаракаттарды алышкан. Алардын айрымдары ооруканада дарыланып жатышат. Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын маалымат кызматынын өкүлү Римма Даниярова жоокерлердин абалы жакшырып жатканын билдирди.

Бул окуядан кийин аскер бөлүктүн жетекчилигине сындар айтылды. Генерал-майор Марат Иманкулов армияда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүп, абалын текшерип туруу күнүгө жүргүзүлүп турушу керек экенин белгилейт.

Атайын адистер кырсык болгон Токтогул районуна жөнөп кетишти. Жаракат алган аскерлер ал жердеги ооруканада дарыланышууда. Башкы штабдын өкүлү, полковник Майрамбек Мусиев кырсыктагандарга баардык жардамдар көрсөтүлөөрүн, кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлөөрүн билдирди.

“Планга ылайык түштүктөгү аскерлерди түндүк аймактарына  алып келип жатканбыз. Калоннанын катарында келаткан “Скунг” үлгүсүндөгү  унаабызда мүчүлүштүк болду. Машина эч жерди сүзгөн эмес, кулаган да жок. Жөн  гана жолдон чыгып барып токтогон. Болуп өткөн окуя боюнча кызматтык териштирүүлөр  сөзсүз жүргүзүлөт”.

Токтогул районуна Башкы штабдан атайын дарыгерлер жөнөтүлгөн. Жакынкы убакта кырсыктаган жоокерлер Бишкектеги аскер госпиталына алып келинет.

Калыгул Асамбаев, «Биринчи радио»