Жаңылыктар
ЖК: Аудиторлордун санын кыскартуу боюнча конституциялык мыйзам долбоорун сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: Аудиторлордун санын кыскартуу боюнча конституциялык мыйзам долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары Эсептөө палатасындагы аудиторлордун санын 9 дан 3кө чейин кыскартуу боюнча конституциялык мыйзам долбоорун сунуштады.

Эсептөө палатасынын кеңешинин курамы төрагадан, эки текшерүүчүдөн, аппарат жетекчисинен, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен түзүлөт. Ал эми анын персоналдык курамы төрага тарабынан аныкталат.

Баш мыйзамдын 108-беренесине ылайык, Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттик эмес каражаттардын, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин аткарылышына аудит жүргүзөт.