Жаңылыктар
Улуттук банк эсептик ченди 7,50 пайызга чейин жогорулатты
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк эсептик ченди 7,50 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк 26-июлда эсептик ченди 100 базистик пунктка 7,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Чечим 27-июлдан тартып күчүнө кирет. Пандемиянын кесепетинен кийин глобалдык экономиканын калыбына келиши кыйла тез арымда жүрүүдө. Ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча дем берүүчү чаралар менен калкты жалпы эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин негизинде карантиндик чектөөлөрдүн кыскарышы өбөлгө түзүүдө.

Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келүүсү байкалууда. Биринчи жарым жылдыкта «Кумтөр» алтын кени сыяктуу казып алуу ишканаларын эске албаганда, ички дүң өнүмдүн өсүшү 3,7% түзгөн. Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү менен курулуш көлөмүнүн кыскарышы өлкө экономикасынын толук масштабда калыбына келүүсүн чектөөдө. Ички керектөө салыштырмалуу деңгээлде анчалык калыбына келе элек. Ал өлкөгө акча каражаттарын которуунун алгылыктуу динамикасы менен колдоого алынып турат.