Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

 

— Ысык-Көл облусу

Ак-Суу райондук сотуна:

Маматкулов Русланбек Темиркулович;

Балыкчы шаардык сотуна:

Мамбетова Чинара Сталбековна;

 

— Чүй облусу

Аламүдүн райондук сотуна:

Чоткараев Тилек Устабаевич;

 

— Талас облусу

Талас облустук сотуна:

Султаналиева Айнура Кенжебековна;

 

— Баткен облусу

Баткен облустук сотуна:

Пазылов Мамасаит Мамытович;

 

— Бишкек шаары

Биринчи май райондук сотуна:

Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

 Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.