Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга күз айында жардам көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга күз айында жардам көрсөтүлөт

Памирлик  кыргыздарга  гуманитардык жардам күз айларында жеткирүү пландалууда. Гуманитардык жардам  берүү  үчүн  өкмөт 10 млн сом акча каражатын бөлгөн. Ыктыярчылар  ушул жылдын жаз айында керектелүүчү кийим кечек, буюумдарды чогулуп, экспедицияга камдап коюушкан. Гуманитардык жардамды жеткирип  бара турган кишилердин саны такталды.

Памирде бир жарым миңге жетпеген кыргыз жашайт. Аларга жардам берүү максатында Кыргыз өкмөтү жана ыктыярчылардан түзүлгөн топ жыл сайын экспедицияга даярданышып керектелүүчү азык-түлүк, кийим кечелерди, дары дармектерди даярдашат. Бирок былтыр Афганистанга кетчү жол жабык болгондуктан гуманитардык жардам кетпей калган. Быйыл дагы ушул кырдаал түзүлүп калат ко деп чочулап жатабыз дейт ыктыярчылардан түзүлгөн “Элден элге”  фондунун мүчөсү  Элвира Акимова.

Ал эми мамлекеттик миграция кызматынын адистеринин айтымында учурда  бара тургандардын саны такталды. Алардын арасында дарыгерлер, миграция кызматынын адистери, күч органдар жана элден элге фондунун мүчөлөрү, муфтияттын өкүлдөрү барат. Жалпы жонунан 21 киши барышы күтүлүүдө.Ошондой эле  азык-түлүк, кийим кече жана кир жуучу каражаттар толугу менен  экспедицияга камдалып турат. Мындан сырткары өкмөт бөлгөн 10 млн сомдун эсебинен темир боз үйлөрдү алуу каралаган дейт Мамлекеттик Миграция кызматынын этникалык кыздар менен иштөө бөлүмүнү башчысы Жыпара Мамбетова.

Буга чейин экспедициянын убактылуу токтолушунун себеби бар. Анткени  Тажикистандагы дарыянын деңгээли көтөрүлгөндүктөн, авто унаа оор жүк менен өтүүгө мүмкүн болбой жаткан. Тажикистан тараптан жүк алып өтүүгө уруксат берген нота эки ай мурда эле келген. Бүгүнкү күндө Памирлик кыргыздарга бара турган жүк ташыган машиналар даяр. Болгону экспедициянын катышуучуларын  алып бара  турган жеңил унаалар такталып жатат. Ал эми Тажикстан менен Афганистанды бөлүп турган суунун деңгэлинин төмөндөгөнү тууралуу памирлик кыргыздар бизге маалымат берип жатышат.

Эске сала кетсек Памирлик кыргыздардын социалдык абалы оор. Ал жакта жашы жете элек  кыздар эрте турмушка чыгып, ден-соолугу начарлап төрөт учурунда каза болушат. Памирлик кыргыздардын маселесин президент Алмазбек Атамбаев Ташкентте Афганистандын лидери Ашраф Гани менен сүйлөшкөн учурда көтөргөн. Оор абалдагы ооган кыргыздарына эки тараптан тең кам көрүү жөнүндө сөз болгон.  Ошондой эле Кыргызстанга памирлик туугандарды көчүрүп келүү маселеси да козголгон дешет ведомство өкүлдөрү.