Жаңылыктар
Акыркы 30 жылда мамлекеттик башкаруу тутуму жемкорлуктун сазына баткан
Коррупция
Акыркы 30 жылда мамлекеттик башкаруу тутуму жемкорлуктун сазына баткан

Президенттин алдындагы коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши мамлекеттик мекемелердеги жемкорлукту токтотуу боюнча комплекстүү иш алып барат. Бул багытта бардык кызыкдар тараптардын башын бириктирип, коррупциянын келип чыгуу себептери, анын алдын алуу боюнча көлөмдүү иш-чаралар планы аткарылмакчы. Негизги аракет- сот, укук коргоо баштаган мамлекеттик мекемелердеги жемокрлукту алдын алууга багытталышы керек.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши коррупция маселесинде президент менен түздөн түз иштеше турган орган болот. Кеңештин төрайымы Нурипа Муканованын айтымында, акыркы 30 жылда мамлекеттик башкаруу тутуму жемкорлуктун сазына баткан. Андыктан кеңештин алдындагы алкачкы кадам- өлкөдөгү коррупция боюнча чыныгы абалды талдап чыгып, андан чыгуунун жолдорун издөө. 

Дайым коррупцияга каршы күрөш боюнча кандайдыр бир жараян башталганда, ага карата айрым бир мамлекеттик мекемелер, алардын кызматкерлери тарабынан катуу каршылык көрсөтүлөт. Чейрек кылымдан берки жемкорлукка каршы күрөштүн жыйынтык бербегени да мына ушундан дешет адистер. Азыр эң ириде сот укук коргоо органдарындагы коррупциянын тамырын кыркуу негизги милдет болуп турат. 

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши өлкөдөгү жемкорлук менен күрөшүүнүн бир нече жолун иштеп чыгып, аны ишке ашырат. Дагы бир милдети коррупцияны алдын алуу болмокчу.

Муканова, коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрүп, толук санариптештирүү жүрүп жатканы да чоң жардам болуп жатканын айтат. Мындай ыкма адам факторун жокко чыгарат. А эң негизгиси жемкорлукту толук жоюу үчүн коомдун, анын ичинен ар бир адам өзүнүн аң-сезимин өзгөртүп, коррупцияга жалпылап каршы туруу- аны жеңүүнүн негизги куралы болмокчу.