Жаңылыктар
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды

28-июлда 78 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды. Ал 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. 1965-жылы Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен, мурдагы Ленин районундагы «Арал» совхозунда агроном болуп баштаган. 

1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2-катчысы. 

1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы. 1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин 1-катчысы. 

1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин 1-катчысы, 1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР Мамлекеттик агроөнөржай комитетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, 1990-жылы Партиянын Ош обкомунун 1-катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы соода өкүлү, 1993-1995-жылдары «Кыргыз дан азык» акционердик коомунун төрагасы, 1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргыз Республикасы боюнча орун басары, 2005-2006-жылдары Президенттин Администрациясынын жетекчиси. 

1980-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын, «Эмгек Кызыл Туу» орденинин ээси. Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомчулукта өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон ишмер Үсөн Сыдыковдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат. 

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жапаров, Мамытов, Марипов, Касмамбетов, Бакирова, Отунбаева, Жээнбеков.