Жаңылыктар
Таласта акимдин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Коррупция
Таласта акимдин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарын 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады. 

Анын ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы билинди. 

Тиешелүү далилдердин негизинде, бул окуя кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.