Жаңылыктар
Үсөн Сыдыков бүгүн Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Үсөн Сыдыков бүгүн Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылды

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков бүгүн Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнаты борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага анын замандаштары, расмий бийлик өкүлдөрү, саясатчылар жана маркумдун жакындары катышты. Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. 

Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен районундагы "Арал" совхозунда агроном болуп баштап, кийин бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган. 1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы, кийин партиянын Кара-Суу райондук комитетинин 1-катчысы, 1988-жылдан 1990-жылга чейин Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, 1990-жылы Партиянын Ош обкомунун 1-катчысы болгон. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, кийин президенттик администрациянын жетекчиси, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган. 

Бир катар сыйлыктардын ээси. Үсөн Сыдыков 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.