Жаңылыктар
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия деп кайра атоо боюнча токтом кылынат. Улуттук комиссиянын карамагына төмөнкүлөр өткөрүлүп берилсин:

- Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кыргыз энциклопедия жана терминология борборун өзгөртүп түзүү менен Улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы” мекемеси, ошондой эле Министрлер кабинетинин алдындагы терминологиялык комиссиясы;

– Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесин өзгөртүп түзүү менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси.