Жаңылыктар
Президент Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Калиевди кабыл алды
Экономика
Президент Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Калиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы күз-кыш мезгилинде калкты электр кубаттуулугу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги бардык даярдоо жана оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү зарыл экенин баса белгиледи.

Айбек Калиев Кыргызстандагы гидроэлектростанцияларды куруу боюнча инвесторлорду издөө жана чет жердик компаниялар менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу иштери тууралу өлкө Президентине маалымат берди.

Мамлекет башчысы Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана ишке берүү боюнча Россия Федерациясы менен макулдашуулардын аракети токтогонуна байланыштуу аталган объектилерди куруу үчүн Өкмөт инвесторлорду активдүү издөө зарылдыгын белгиледи.