Жаңылыктар
Баткенде 36 үйдүн курулушу 80 пайыз бүттү
Чек ара
Баткенде 36 үйдүн курулушу 80 пайыз бүттү

Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда жабыркагандар үчүн салынып жаткан турак жайлардын курулушу 80 пайызга аяктады. Баткен шаарынын аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп, 36 турак жай курулууда. Ар бир тилке 6 сотыхтан бөлүнүп, 4 бөлмөлүү үйлөр зарыл эмерек менен камсыздалат. Ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда. Эгемендиктин 30 жылдыгына карата маркумдардын жакындарына үйлөрдүн ачкычтары тапшырылат.