Жаңылыктар
Рио: Арсен Эралиев 5-орунду ээледи
Спорт
Рио: Арсен Эралиев 5-орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Арсен Эралиев 1/8 финалда утулуп калды. 14-августа спорттун бул түрүнөн биринчи эки комплект медаль ойнотулду. Мелдеш 59 кг жана 75 кг салмак чен бирдиктегилер арасында өттү. 

Ал эми 59 кг салмагында килемге чыккан Арсен Эралиев Дүйнөнүн учурдагы чемпиона кубалык Исмаэл Борреро Молинага каршы турду. Күрөштүн биринчи бөлүгүндө 2:0 эсеби катталып, кубалык балбан алдыга чыкты. Экинчи 3 мүнөттүктө эсеп 6:0гө жетти. Ал эми кармаштын акыркы мүнөтүндө Арсен Эралиев 3 упай алууга жетишти. Бирок мелдеш убактысы аяктап, калыстын ышкырыгы жаңырды. Жыйынтыктоочу эсеп 6:3 менен аяктап, кыргыз спортчусу жеңилүүгө дуушар болду. Исмаэл Борреро Молина 1/4 финалга жолдомо алып, андан ары финалга чыгып алтын тагынды. Бул ийгилик Арсен Эралиевге коло медаль үчүн күрөшүүгө укук берди. 

Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люмин менен беттешти. Анда 4:2 эсеби катталып, Эралиев жеңишке жетишти. Ал эми 3-орун үчүн кармашта өзбек спортчусуЭльмурат Тасмурадовго утулуп калды. Алгачкы таймашта өзбек спортчусу 5 упайга ээ болду. Беттештин экинчи бөлүгүндө Арсен Эралиев ыкма колдонуп, 6 упайды эсебин жазып, алдыга чыккан. Бирок өзбек балбаны упайларынын санын арттырганга жетишти. Калыстын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон кыргыз машыктыруучулар акыркы эпизодду кайра карап чыгууну суранышты. Эгерде калыстар баары жайында деп чечсе, орунсуз нааразычылык үчүн өзбек балбанына дагы упай берилмек. Калыстар чечим чыгарып, 1 упай менен катар өзбек балбанына психологиялык артыкчылык берип коюшту. Жыйынтыгында 13:8 упай катыштыгы катталып, коло медалды өзбек балбаны тагынды. 

Рио олимпиадасына балбандардан биринчи жолдомо алган спортчулардын бири - грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Арсен Эралиев болгон. Ал 1990-жылы 15-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери. Алгачкы устаты- Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Камбар Исмаилов. Арсенди эл аралык аренага таанытып, ийгиликтерге жетүүсүнө жол ачып таптаган устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Майрамбек Ахметов болуп саналат. 
2006-жылы Бангкокто Азиянын уландар арасында чемпион болсо, 2007-жылы Филиппиндер өлкөсүндө жаштар арасында Азиянын чемпиону аталган. 

2007-жылы Бээжинде жаштар арасында дүйнө биринчилигинде коло байге уткан. 2008-жылы Түркияда жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген.
2011-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында баардык атандаштарын артыкчылык менен жеңип, финалдык беттешүүдө өзбекстандык атаандашын 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиондугун багынткан. 2012-жылы Польшанын Рада шаарында өткөн эл аралык турнирде биринчиликти жеңип, алтын байгелүү болгон. Бир нече эл аралык Гран-при турнирлеринин жеңүүчүсү, өлкөнүн көп жолку чемпиону. 

2012-жылы Финляндиянын борбору Хельсинкиде грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык жолдомо турниринде экинчи орунду ээлеп, Лондон олимпиадасынын жолдомосуна ээ болуп, өлкө намысын коргогон. Лондон олимпиадасында атаандашы манжаларын сындырып, аны калыстар элес албай, 11-орун менен чектелген. 

2013-жылы Индия өлкөсүнүн борбору Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган.
2014-жылы Астана шаарында өткөн эл аралык Гран-при турниринде баш байгени утуп, алтын медаль тагынган. 

2014-жылы Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген. 

2015-жылы АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн дүйнө чемпионатына катышып, 5-орунга илинип, Рио-де-Жанейро олимпиадасына алгачкы болуп, жолдомо утуп алган. 

2015-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталып, коло байгелүү болгон. 

2016-жылы Польшанын Спала шаарында өткөн эл аралык турнирде үчүнчү орунду камсыз кылган.
Эл аралык спорттун чебери Арсен грек-рим күрөшү менен 15 жашынан машыгып келет. 

Усубалы Мамбетов