Жыл башынан бери өлкөгө бир миллионго жакын чет элдик турист келген. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти билдиргендей, Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүгүнүн 20 пайызын гана пайдаланып жатат. Анткен менен Кыргызстан - оорудан кийин саламаттыган калыбына келтирүүгө ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарында. Себеби Европалыктар Кыргызстандын бийик тоолуу керемет жайларына кыдырышат.