Жаңылыктар
“Finiko” - Каржы пирамида тарыхындагы кылым аферасы
Кылмыш
“Finiko” - Каржы пирамида тарыхындагы кылым аферасы

2019-жылы негизделген “Finiko” каржы пирамидасы ушул жылдын июль айында “кыйрады”. Чет элдик ЖМКнын жазганына караганда, "Finikoнун" эсебине 7 миллиард рублдан ашык каражат топтолгон. Ал эми каржы пирамидасына КМШ өлкөлөрүнөн 1 миллионго жакын адам каражат салганы маалым болду. Буга чейин Россиянын Борбордук банкы каржы пирамидасына акча салгандарды эскертип, каражат бизнеске эмес, күмөндүү колдонулуп жатканын расмий билдирген. Атүгүл, кылмыш иши козголгон. Өкүнүчтүүсү, бул билдирүүгө эч ким кулак салган эмес.

“Finiko” каржы пирамидасынын кыскача таржымалы

“Finiko” каржы пирамидасы 2019-жылы Татарстандын Казань шаарынын тургундары Зыгмунт Зыгмунтович, Марат Сабиров жана Эдвард Сабиров тарабынан негизделген. Ал эми “Finiko” каржы пирамидасынын жүзү катары Кирилл Доронин таанылган.

2020-жылы, аталган каржы пирамидасынын үч негиздөөчүсү “Finiko” Кирилл Дорониндин идеясынын негизинде курулганын айтышкан.

Эмне үчүн “Finiko” – каржы пирамидасы

Россия Федерациясынын Борбордук банкы “Finikoну” каржы пирамидасы деп тааныган. Анын бир нече себептери бар:

- “Finiko” - Cyfron FNK LTD деген аталыш менен Түндүк Америкадагы Сент-Люсия офшорунда каттоодон өтүп, бул өлкөгө жылына 300$ салык төгүп турган.

- Каржы компаниясы сайтынын доменин тез-тезден алмаштырып турган.

- “Finiko” компаниясына жаңы адамдарды кошкон тарапка сый акы жана бонустар берилип турган.

- “Finiko” - кардарлар квартира, автоунаанын баасынын 35%ын гана төлөп, калган чыгымды компания көтөрөөрүн убада кылган.

- Аталган компаниянын трейдерлеринин жүргүзгөн ишин талдаган финансисттер, “таптакыр түшүнүксүз нерсе, мунун баары жомок” деген бүтүм чыгарышкан.

Алдоонун амалы - дыкат ойлонулган иш

Баштапкы “Finikoнун” иштөө системасы – кардарлар биткоин же Tether токени аркылуу цифрон (CFR) сатып алышкан (компаниянын ички валютасы) – ушул валютанын негизинде тигил же бул операцияларды жүргүзүшкөн. Кирилл Дорониндин билдиргенине караганда, бул каражатты мыкты трейдерлер дүйнөлүк ири долбоорлорго жумшап, болуп көрбөгөндөй пайда табышарын айткан. Атүгүл, нефть компаниялар менен иш жүргүзүшөөрүн кошумчалаган. 

2020-жылдын декабрь айында “Finiko” каржы пирамидасы FNK аталышындагы валюта иштеп чыгат.

2021-жылдын жай мезгилинде кардарлар менен дал ушул валютанын негизинде эсептеше баштайт. “Кызыктын” баары мына ушул учурда башталды. FNK наркы 234 долларга чейин өскөн (баштапкы баасы 1$ болчу). Бирок он күндөн кийин, 17-июнда FNK наркы 2$га түшүп, андан соң 0,5$ болду. Криптовалютанын курсун “Finiko” каалагандай калчаган.

Бул аралыкта кымбат баада FNK сатып алгандар 100 эсе “банкрот” болду десек болот. Мындан соң саналуу жумалардан кийин “Finiko” каржы пирамидасы өз ишин “ийгиликтүү” токтотту.

Алдангандар дагы деле алдана беришеби...

Каржы пирамидасына ири суммада каражат салгандар дүрбөп, милицияга арыз жазгандар арбый баштады. КМШ өлкөлөрүн арбаган “Finiko” көптөрдүн “түшүнө” кирчүдөй болуп турат. Ал арада каржы пирамидасын негиздегендер “өз ара келишпестик болгонун, анын негизинде компания өз ишин убактылуу уланта албай калганын” айтып чыгышты.

Кирилл Доронин инстаграм баракчасына кардарларын сооротумуш эткен билдирүүлөрүн байма-бай чыгарып, учурда кийинки каржы долбоорунун үстүнөн иштеп жатканын айтып, ага кошулууга үндөй баштады. Бул билдирүүдөн соң ага миңден ашык кардар кошулганын жар салды.

Ал эми айрым чет элдик басылмалар, Кирилл Доронин Түркиянын жарандыгын алганын айтып чыгышты.

Бул материал жазылып жаткан маалда Кирилл Дорониндин инстаграм баракчасы өчүп кетти. Түшүндүрмө иретинде ал телеграм каналында кезектеги шылтоосун жазды... 

Акчанын маниясы же акчамания...

 Казакстанда “Finikoдон” жабыр тарткандардын саны 165 миң адамга жеткенин прокуратура тарабынан расмий кабарланды. Ал эми Кыргызстанда бул каржы пирамидасына канча адам каражат салып, канчасы жабыр тартканы белгисиз. Азырынча саналуу гана адамдар тийиштүү тарапка арыз менен кайрылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Каржы пирамидасы тууралуу Кыргыз Республикасынын жазык кодексинде эмне деп жазылган...

214-берене. Каржы пирамидаларын уюштуруу

Эгерде ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, каржы пирамидасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, ага катышууга сунуш кылуу же каржы пирамидасынын жардамы менен каржылык активдерди тартуу (алуу), каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана жетектөө, -

II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;

2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же тарамдарды, же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу жолу менен жасалган;

3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Ушул беренеде каржы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумун түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.

 Усубалы Мамбетов