Жаңылыктар
Грециядагы тилсиз жоонун кесепети
Дүйнө
Грециядагы тилсиз жоонун кесепети

Афинанын түндүгүндөгү чатырлардын үстүнөн коюу түтүн көрүнүп турат. Анткени аталган аймакта токойлор күйүп, өрт өтө тездик менен жайылууда. Өрттүн ылдамдык менен жайлышына катуу шамал да түрткү берүүдө. Грециянын өрт өчүргүчтөрү турак үйлөрдү сактап калууга болгон күчүн жумшап жатышат. Тилсиз жоону өчүрүүгө 300дөн ашык өрт өчүргүч тартылган. Ага 12 тик учма жана тогуз учак тартылган.

Азырынча жабыркагандар жана адам курмандыктары жөнүндө маалымат жок, бирок бир нече турак жайлар күйүп кеткени айтылды. Бул окуя борбор шаардан 30 чакырым түндүктөгү Родополи айылында болгон. 

Белгилей кетсек, мындан үч жыл мурда Афинага жакын жайгашкан Мати шаарчасын каптаган коркунучтуу өрт гректердин эсинде. Анда бир нече сааттын ичинде 102 адам көз жумган.