Жаңылыктар
АКШда бет кап кийүү режими кайрадан күчүндө
Дүйнө
АКШда бет кап кийүү режими кайрадан күчүндө

COVID-19га каршы эмделген америкалыктар кайрадан коомдук жайларда беткап кийиши керек. Бул эпидемиянын жаңы толкуну башталган аймактарга, айрыкча, дельта штаммынын жугуштуу түрү жайылып бараткан аймактарга тиешелүү.

Бул АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жаңы бекиткен сунуштамалары. Алар илдет катуу тарап жаткан аймактардын 63%на тийешелүү. Агенттик май айынын башында толугу менен эмделген адамдарга сыртта бет кап кийүүнүн кажети жоктугун айтканы менен айрым жайларда бет кап кийип жүрүүнү айткан.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору эмдөө алганына карабастан балдарга, тарбиячыларга жана мугалимдерге, бала бакчаларда жана мектептерде беткап кийип жүрүүнү сунуштады. Ошол эле учурда департамент, күзүндө балдар онлайн сабактардан баш тартып, күндүзгү билимге кайтуусу керек деп белгилейт.