Жаңылыктар
Кыргыз-казактын 16 чыгаан төкмөсү Кырчын жайлоосунда айтыш курганы турат
Маданият
Кыргыз-казактын 16 чыгаан төкмөсү Кырчын жайлоосунда айтыш курганы турат

Бүгүн эл аралык айтыштын тандоо туру өтөт. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында, акындардын онунчу эл аралык айтышы болот. Кыргыз-казактын 16 чыгаан төкмөсү Кырчын жайлоосунда кызык айтыш курганы турат.  Байгеси бир жарым миллион сом. Намыс талашчу кыргыз акындарын тандоо туру  бүгүн, Токтоболот Абдымунов атындагы Кыргыз  улуттук -академиялык драма театрында болот. 

Сейрек кездешкен төкмөлүк өнөр, көчмөн элдердин ичинен кыргыз-казакка гана таандык. Соңку жылдары жаш төкмөлөрдүн саны арбын болуп жатканы коомчулукту кубандырууда. Эске салсак, 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун  150 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туруна 44 акын катышкан эле.  Андан бери өткөрүлүп жаткан   бир катар айтыштарда дагы жаңы ысымдар чыкканы бар. Бул айтышта кызыл тилин кайраган канча акын келерин убакыт көрсөтөт. Бул  онунчу эл аралык айтыш, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы  жана айтыштын 15 жылдыгына арналууда. Коомдук телерадио корпорациясы маалыматтык колдоо көрсөтүүдө-дейт,  “Айтыш” коомдук  фондунун уюштуруучу координатору Азамат Болгонбаев.