Жаңылыктар
Ирактагы аскердик миссия жыйынтыкталат
Дүйнө
Ирактагы аскердик миссия жыйынтыкталат

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми менен АКШнын президенти Джо Байден Ак үйдө жолугушту. Анда Байден Ирактагы АКШнын аскердик миссиясы жылдын аягына чейин жыйынтыкталаарын билдирди. Бирок аскерлер Афганистандай болуп толук чыгарылбайт. АКШ аскерлери болгону Иракта жергиликтүү күч органдарына кеп-кеңештерди берип турат.

Маалыматтарга ылайык, акыркы учурларда Ирандын учкучсуз аппараттары Ирактагы АКШнын базаларына көбүрөөк чабуул жасалганы айтылууда. Бул аймактагы чыңалууну күчөтүп жиберди. Учурда Иракта 2 жарым миң АКШ аскерлери бар. Былтыр мурдагы президент Дональд Трамптын буйругу менен аскерлердин саны кыскартылып, 3 миңди түзгөн. Джо Байден болсо Иракта канча аскерлер калаарын азырынча так айта элек. Бирок коронавируска каршы 500 миң доза вакцина жөнөтөөрүн сөз кылды. 

Белгилей кетсек, Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматында турган Джо Байден Иракка көп барып, өлкө саясатына байланыштуу маселелерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турган.