Жаңылыктар
Өлкө намысын Олимпиадада коргоочу балбан кыздар учурда машыгууларын өткөрүүдө
Спорт
Өлкө намысын Олимпиадада коргоочу балбан кыздар учурда машыгууларын өткөрүүдө

Кыргызстандын намысын Олимпиадада коргоо үчүн жөнөп кеткен Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Олимпиадалык курамдын маалымат катчысы Кабыл Макешов "Ала-Тоо 24" каналына билдирди. 

Спортчу кыздар машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев менен машыгууларын өткөрүүдө, - деп айтылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, кыз-келиндер арасындагы спорттун эркин күрөш түрү боюнча мелдеш 1-августта башталат. Бул күнү алгачкылардан болуп килемге Айпери Медет кызы чыгат. Ал эми эртеси күнү Мээрим Жуманазарова, кийинки күнү Айсулуу Тыныбекова күч сынашат.