Жаңылыктар
ЕАЭБ: Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында бир катар келишимдерге кол коюлду
Саясат
ЕАЭБ: Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында бир катар келишимдерге кол коюлду

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 12-августа Сочи шаарында өткөн Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Анда биримдикке кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары алгач тар чөйрөдө жолугушууларды өткөрүшүп,  ЕАЭБ кызматташтыгына тийиштүү маселелер кеңештин кеңейтилген курамында талкууланды.

Сочиде өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кесиптеши Дмитрий Медведев жылуу кабыл алып, тараптар алгач тар чөйрөдө жолугушуп, пикир алышышты. Кеңешменин кеңейтилген жыйында биримдиктеги өлкөлөрдүн өкмөт башчылары кызматташттыктын бир катар багыттарын талкуулашты. Алардын арасында, биримдиктин алкагында бирдиктүү рынок, анын ичинде даары-дармек рыногун түзүү маселелери менен катар эле  бирдиктүү бажы кодексинин долбоору дагы болду.

Эске салсак, Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына вице-премьер-министри Олег Панкратов, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Премьер-министрдин  кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү Усен Усупов,  тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев,  Өкмөт Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдор катышышты.