Жаңылыктар
Анталиянын тегерегиндеги токойдон чыккан ири өрттөн 50дөй адам жабыркады
Дүйнө
Анталиянын тегерегиндеги токойдон чыккан ири өрттөн 50дөй адам жабыркады

Түркия бийлиги Анталиянын тегерегиндеги токойдогу ири өрткө байланыштуу окуя иликтөөгө алынаарын билдирди. Белгилей кетсек, Анталиядан башталган өрт 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Манавгат шаарынын борбордук бөлүгүнө чейин жеткен. Жабыркагандардын саны 50 адамга жетти.

Өрт бир мезгилде төрт жерге жайылды. Азырынча абалды толук көзөмөлгө алууда 40 градуска жеткен ысыктык жана катуу шамал тоскоол болууда. Ал арада төрт райондун тургундары коопсуз аймакка чыгарылды. Аймакта 400 өрт өчүрүү кызматкери, 19 тик учак жана 108 атайын унаалар иштеп жатат.

Атка минерлердин маалыматында тилсиз жоо туристтик жайларга коркунуч жарата элек, бирок аймактардагы коюу түтүнгө байланыштуу саякаттоого убактылуу тыюу салынды.