Бишкек шаарында социалдык объектилерди кышка даярдоо иштери жүрүп жатат. Капиталдык курулуш башкармалыгынан 50дөн ашык мекемени толук-оңдоп түзөөгө 100 миллион сом каралган. Калган объектилерде да утурумдук ремонт иштери жасалып жылдагыдай эле кыш камылгасы көрүлүүдө.
Баш калаадагы №51чи мектеп-гимназиянын эмгек жамааты быйыл кыштан жылуу чыгабыз деп көңүлү ток. Билим берүү жайында 35 жылдан бери иштеп келе жаткан, эскирген жылытуу системасы толугу менен алмашууда. Ушул күндөрү шаар казынасынан бөлүнгөн каражатка тендерден утуп чыккан компания заман талабына жараша жылытуу тутумун орнотуу менен алек.
Бишкектин 25 пайызын жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган “Бишкек жылуулук энерго” ишканасында иш арбып калды. 66 от казандын ичинен 47синде оңдоо жумуштары жасалып, калганы күздүн биринчи айына чейин аякташы күтүлүүдө. Ишкана суук түшкөндө мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилерге дагы жылуулук берет.
Шаардын 68 пайызын тейлеген “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан 80 бала бакча, 55 мектеп жана 71 саламаттык сактоо мекемелери жылуулук алат. Бул тармакта да жумуш бекитилген план боюнча жүрүүдө. Вице-мэр шаардагы билим берүү мекемелеринин даярдыгы жаңы окуу жылына карата аяктаарын билдирди.
Адистер белгилегендей, бардык социалдык мекемеде жылытуу системалары текшерилип, терезе, чатыры жылууланып зарыл жумуштар аткарылат. Абанын температурасы төмөндөгөндө, борбордук куурларга кошулуп, жазга чейин жылуулук алышат.