Жаңылыктар
Талас шаарында учурда от казандар оңдолуп, эртелеп даярдыктар көрүлүп жатат.
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарында учурда от казандар оңдолуп, эртелеп даярдыктар көрүлүп жатат.

Учурда дубандарга кыш мезгилине камылгалар кызуу жүрүп жатат. Талас шаарында учурда от казандар оңдолуп, эртелеп даярдыктар көрүлүп жатат. Ошондой эле от казанга уланган түтүктөрдүн абалдары текшерилүүдө.

Азыр шаардагы 6 отказан жайгашкан жерлерде иш кызуу. Жумушчулар отказандарды тазалап, андан кетчү түтүктөрдүн абалын сыноодон өткөрүүгө даярдап жатышат. Былтыр Талас шаарында 2 жаңы отказан курулган болсо, быйыл жаңы отказан курулуп жатат. Себеби шаардын "59-квартал" аймагына жаңы көп кабаттуу үй салынууда.

Белгилей кетсек, Талас шаарындагы жылуулук берүү мекемеси 44 көп кабаттуу үйгө, 1 мектеп, 1 орто окуу жай жана дарыкана, соода жайларга жылуулук берет. Шаардыктардын ишканага карызы учурда 6 млн сом болсо, мекеме уюмдардыкы 1 млн 500 миң, бюджеттик мекемелердики 133 миң сомду түзөт. Антсе да мындай шартка карабай мекемеге караган турак жайлар жылуулуксуз калбайт дешет ишкана кызматкерлери.