Жаңылыктар
Оштун мурдагы мэри Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Оштун мурдагы мэри Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Өлкөдөгү эки ири шаарда мэрлер алмашты. Ош шаарынын мурдагы калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми Ош шаардык бийлигин буга чейин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп келген Алмаз Мамбетов жетектөөгө барды. Борбор калаанын мэринин милдетин буга чейин аткарып келген Бактыбек Кудайбергенов Президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Соңку жылдары Ош шаардык мэриясын башкарып келген Таалайбек Сарыбашов иш бөлмөсүн кийинки башчыга өткөрүп берди. Мэрдин тизгинин алган Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, былтыр күздөн тарта президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болгон. Жаңы жетекчи буга чейин башталган иштердин өтөөсүнө чыгаарын жана шаар элине шарт түзүүнүн үстүнөн эмгектене турганын айтты.
 
Аба майданына конгон учактан Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэриясына түз келди. Ал 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген. Ош шаарындагы инфратүзүмдү оң жолго салган калаа башчы топтогон тажрыйбасын борбор калааны өнүктүрүүгө жумшай турганын билдирди.
 
Сарыбашовду мэриянын жамаатына Президенттин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов тааныштырды.
 
Буга чейин Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунда акимдер алмашкан. Эми ротация эки ири шаарда да болду. Эми шаар мэрин шайлоо жаңы шайланган тиешелүү шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан дайындалат.