Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү. 4-августка чейин тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо нөшөрлүү жаан жаап, аба ырайы туруксуз болушу мүмкүн. Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырууда.

Ушул айдын алгачкы он күндүгүндө өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Мындай аба ырайы жарытылыш кырсыгын пайда кылуу коркунучу бар.

Туруксуз аба ырайына байланыштуу болгон селдин кесепеттери буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына кедергисин тийгизди. 29-31-июлдагы нөшөрлүү жамгырдан Ысык-Көл облусунда сел жүргөн. Аймактагы 342 короону суу каптап, 72 турак жайдын ичине суу кирип кеткен. Анын ичинен бир үй авариялык абалга кептелип, каттамдарга зыянын тийгизди.


Ошондой эле тилсиз жоо Ысык-Көлдөгү балык кармагандарды зыянга учуратканы айтылууда. Сел Каракол дарыясындагы чарбаны бузуп, анда багылып жаткан форель балыктарын агызып кеткен. Ишкерлер 10 миңдеген долларлык чыгашага учураганын белгилешүүдө. Учурда материалдык чыгымдар эсептелүүдө. 

Адатта суу ташкындары жаз мезгилинде катталып келген. Глобалдык климаттын өзгөрүшүнөн дүйнөнүн көп жеринде жаратылыш кырсыктары орун алууда.

Экологдор мындай көрүнүштөргө алдын ала даярдануу керектигин белгилешет. Адистер биринчи кезекте адам баласы жаратылышка аяр мамиле кылуусу керектигин сунушташууда.