Жаңылыктар
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди
Спорт
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

UFC уюмунун жеңил салмак категориясындагы мурдагы чемпион Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. 

Мушкерди "Манас" эл аралык аэропортунда EFC 38 турниринин уюштуруучулары тосуп алышты. Кыргызстанга Хабиб Зубайра Тухугов жана Умар Нурмагомедов менен бирге келген.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) турниринде Хабиб Нурмагомедов ардактуу конок катары катышат.

Мелдеш 17:00дө старт алат. КТРК Спорт каналы түз эфир аркылуу көрсөтөт.

Турнирдин алкагында 19 беттеш болот. Кеченин башкы жолугушуусунда Бусурманкул Абдибаит уулу жана Руслана Яманбаев жарым жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн чыгат.