Жаңылыктар
ЕАЭБ: Евразиялык өкмөттөр аралык жыйыны аяктады
Экономика
ЕАЭБ: Евразиялык өкмөттөр аралык жыйыны аяктады

Сочиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган, кыргызстандын делегациясы катышты. Кыргыз тарап бул жолкусунда да атайын жасалган тоскоолдуктарды жоюу боюнча ачык пикирин билдирди. Сооронбай Жээнбеков кесиптештерине кайрылып жатып, ЕАЭБди чыныгы өнөктөштөрдүн уюмуна айлантуу үчүн айрым жараяндарды жөнөкөйлөтүү керектигин айтты.

Аны менен жыйындын жүрүшүндө ушул күздөн тарта, экономикалык биримдик жаңы бажы кодексин кабыл алышы мүмкүндүгү шардана болду. Мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстан бирдиктүү тарифтер туурасында макулдашууларга кол койду. Иш-чаранын алкагында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведев менен да жолукту.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны бул жолу 2016-жылдын ичинде 3 ирет өтүүдө. Бул жолку жолугушуу Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүнүн бир жылдыгын утурлай уюштурулду. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жолугушуу Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө жана жалпы максаттарга жетүүнүн жолдорун издөөдө маанилүү экенин белгиледи.

Кыргыз премьеринин айтымында, жаңы шарттар менен иштөөдө өлкөлөр ортосундагы өз ара товар алмашууда айрым тоскоолдуктар жана чектөөлөр келип чыкты.

Мындай маселелерди жана тоскоолдуктарды өнөктөштөр арасында чектөөлөргө жол бербей туруп, ыкчам жоюу керек. Өз ара тоскоолдуктарды жаратпай туруп, үчүнчү өлкөлөрдүн атаандаштыгынан биздин рынокту биргеликте коргообуз керек, -дейт Сооронбай Жээнбеков.