Жаңылыктар
Токиодо өзгөчө кырдаал режими узартылды. Олимпиадага келгендерден да коронавирус аныкталууда
Дүйнө
Токиодо өзгөчө кырдаал режими узартылды. Олимпиадага келгендерден да коронавирус аныкталууда

Коронавируска байланыштуу Япониянын борбору Токиодо өзгөчө кырдаал режими 31-августка чейин узартылды. Буга чейин өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 22-августка чейин белгиленген. 

Аны менен бирге бир нече префектураларда да өзгөчө кырдаал киргизилген. Белгилүү болгондой учурда Токиодо Олимпиада оюндары өтүүдө. Оюндарга катышууга келген делегациялардан да коронавирус табылууда. Оору жуктурган спортчулар мелдешке катыша албай калууда.