Жаңылыктар
COVID-19: Парижде карантиндик чектөөлөргө каршы акция уланууда
Дүйнө
COVID-19: Парижде карантиндик чектөөлөргө каршы акция уланууда

Франциянын борбору Париж жана башка шаарларда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршылык билдирип, он миңдеген киши көчө акцияларына чыгышты. 

Жаңы мыйзамга ылайык, көпчүлүк коомдук жайларга вакцина алганы, же вирус табылган жок деген тест жыйынтыгы, же коронавирус жуктуруп алып айыгып чыкканы тууралуу атайын медициналык маалымдамасы бар адамдар гана кире алышат. Айрым маалымат каражаттары Францияда үчүнчү дем алыш удаасы менен өтүп жаткан демонстрацияларга 31-июлда 200 миңден ашуун адам катышканын кабарлашты. 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон демонстранттарды жалпы элдин кызыкчылыгын ойлобогон "өзүмчүл адамдар" деп атады. Ушундай эле коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары Швейцария менен Италиянын бир нече шаарларында болуп өттү. Германиянын бийлиги Берлинде жекшембиге белгиленген үч нааразылык акцияга коронавирустун жайылышын күчөтөт деп уруксат берген жок.