Конституцияны өзгөртүү демилгеси коомчулукта чоң талкууларды жаратып жатат. Мыйзам долбоорун учурда 90дон ашуун депутат колдогону жана колдой тургандардын саны дагы да өсүп жатканы маалымдалууда. Мында Жогорку Кеңештеги КСДП, Республика Ата Журт, Өнүгүү, Кыргызстан жана Бир Бол фракциялары баш мыйзамды өзгөртүү туурасындагы мыйзам долбооруна макулдугун билдирген.
Эскерте кетсек учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланган жаңы конституциянын негизги өзгөчөлүгү, бийлик бутактарындагы тең салмактуулук, Өкмөттүн укуктарынын кеңейиши жана кыргыз мамлекетинин улуттук дөөлөттөрү камтылганында. Баш мыйзам туурасындагы пикирлерди Самат Асипов иликтеди.
Өмүрбек Текебаев ушул жумада журналисттерге маалымат жыйын куруп, Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселесин козгоду. Депутат жалпысынан бул демилгелерге каршы, бирок айрым бөлүктөрү менен макул. Мисалы өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча.
Аны менен бирге Өмүрбек Текебаев премьерге жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын кызматтан алып, дайындоо үчүн укук берүүгө макул. Бирок мыйзам аркылуу белгиленген учурларда гана. Мындан сырткары депутаттык менен бир убакта өкмөткө мүчөлүк кылууну да колдойт. Калган бардык өзгөртүүлөргө каршы, айтымында, премьер-министрдин макамын өтө бекемдөө, парламенттин алсызданышына алып келет.
Бирок буга карата каршы пикирди Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жергиликтүү маалымат агенттиктерине берген маегинде айтты. Ал баш мыйзамга киргизүү үчүн сунушталган жаңы өзгөртүүлөр тескерисинче өлкөдө авторитардык бийликти түзүүгө каршы багытталган деп белгиледи.
Фарид Ниязов маегинде азыркы баш мыйзамда катылган миналар өтө көп экенин, убагында алар ачыкка чыгарын билдирди. Аларды алдын алуу керектигин буга чейин өлкө башчы да бир нече жолу эскерткен эле.
Демилгечилер жаңы өзгөртүүлөрдө өкмөт башчынын укуктары өтө кеңейтилген эмес дешет. Алардын пикиринде бийликти бир колго топтогон болбойт.
Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бир гана бийлик бутактарына тиешелүү эмес. Демилгечи депутаттар, ага Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол койгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча норманы да киргизүүгө ниеттенишүүдө. Серепчилердин пикиринде, эртеби-кечпи Кумтөр келишимдерине буга чейин кол койгон ар бир жетекчи жооп бериши керек.
Жогорку Кеңеш конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдарды күздө карай баштайт. Ага чейин мыйзам демилгечилери бардык сунуш-пикирлерди кабыл алып, документтин сапатын дагы жаңылоого кеңири убактысы бар.