Жаңылыктар
Рио: Бүгүн эки спортчубуз кармашка түшөт
Спорт
Рио: Бүгүн эки спортчубуз кармашка түшөт

Бүгүн кечки саат 19:00до грек-рим күрөшү боюнча 85 килограмм салмакта Жанарбек Кенжеев жана 130 килограмм салмакта Мурат Рамонов таймашка чыгат. 

Жанарбек Кенжеев мелдештин 1/16 бөлүгүндө немис балбаны Денис Кудла менен кармашат. 130 килограмм салмакта килемге чыга турган дагы бир мекендешибиз Мурат Рамоновдун атаандашы орусиялык Сергей Семенов болмокчу. 

Маалым кыла кетсек, бүгүн 15-августта бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө мекендешибиз Жанарбек Кенжеев жана Денис Кудла, дагы бир кыргыз балбаны Мурат Рамонов жана Сергей Семеновдун кармашы орун алат.