Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнунда кыргыз күрөшчүлөрүндө үмүт чоң
Спорт
Көчмөндөр оюнунда кыргыз күрөшчүлөрүндө үмүт чоң

Ошентип дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күн санап жакындап келе жатат. Уюштуруучулар камылганы кабелтең көрүп, эл аралык иш-чараны мыкты деңгээлде өткөрүүгө дилгир болуп турган убагы. Ал эми катышуучулар намыска жарап берүү үчүн машыгууларды мыкты өткөрүп жатышат.

Эске салсак, биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кыргыз күрөшү боюнча биздин спортчулар мыкты жыйынтыктарды берген. Алар 5 алтын медал, 3 күмүш жана 3 коло медалдарды алып мекендештерибизди ыраазы кылган.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюндарын даңазалаган роликтерге тартылуу бактысы көп эле балбандардын бактысына туш келген жок. Ал эми бир катар эл аралык мелдештерде ийгиликтерди багындырган кыргыз күрөшүнүн балбаны Нурбек Кожобековду роликтен көрсө болот.

Көчмөндөр оюндарында Нурбек Кожобеков ийгиликти имерээрине ишеним чоң. Анын машыгуусундагы ар бир кыймылы машыктыруучунун көзөмөлүндө. Анан да машыгып жаткандагы ар бир көнүгүүгө маани берилет. Көрсө балбандар дароо эле күрөшкө түшпөй, алгач денени жибитип, булчуңдарын даярдап алышы керек экен. Бул кокустукту алдын алууга жардам берүүчү көнүгүүлөр.