Жаңылыктар
Лейлекте кайрадан сел жүрүп, үйлөрдү жана жолдорду каптады
Кырсык
Лейлекте кайрадан сел жүрүп, үйлөрдү жана жолдорду каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 3-август күнү кечинде катуу жаап өткөн жамгырдан кийин жүргөн селдин суусу Ак-Терек айылында 20 чакты үйдүн ичине жана короосуна кирген, ички чарбалык жолдорду, арыктарды каптаган. 

Ак-Суу, Катраң, Кулунду айыл аймактарында да 20дай үйгө суу кирип, ички чарбалык автожолдордон тышкары Ош – Баткен – Исфана жолунун 318- жана 320-чакырымын сел жууган. 4-августка карата, ӨКМ билдиргендей, жол каттамы ачык. 19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Июль айынын экинчи жарымында Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыкты.