Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында бизнес-форуму өтүүдө
Экономика
Жалал-Абад шаарында бизнес-форуму өтүүдө

15-августта  Жалал-Абад шаарында  жаштардын бизнес-форуму өтүүдө. Ага Кыргызстандын бардык облусунан 70 жаш ишкер катышууда. Бизнес-форумдун башкы максаты – ишин жаңы баштап жаткан ишкерлер менен ийгиликтүү иштеп жаткан бизнес түзүмдөр үчүн диалог аянтчасын түзүү, ошондой эле Кыргызстанда жаштар ишкердигин кеңири жайылтуу болуп саналат.

Форумдун программасы жаш ишкерлердин арасында атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына негизделип түзүлгөн. Аталган сурамжылоо Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнун эң актуалдуу көйгөйлөрүн аныктоого көмөкчү болуп берген. Форумдун катышуучулары маркетинг негиздери, экспорт жана товарды тастыктоодон өткөрүү, коммерциялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун укуктук маселелери жана башка көптөгөн темалар боюнча эксперттик маалымат алышмакчы.

Форумдун экинчи күнү катышуучулар Жалал-Абад шаарынын ийгиликтүү иштеп жаткан ишканаларына барып, бизнес-ишканалардын топ-менеджерлери менен жолугушмакчы. Алар Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн купуя сырлары, өздөрүнүн уникалдуу жеке тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жаш ишкерлеринин резолюциясы кабыл алынышы күтүлүүдө.  Жаштардын бизнес-форуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси жана БУУӨП/ЮНФПА/ЮНИСЕФТИН “Жаштар тынчтык жолу менен өзгөрүл үү үчүн” долбоору колдоосу менен өткөрүлүүдө.