Жаңылыктар
Прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалат
Саясат
Прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалат

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, дароо камакка алынат, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Кумтөр алтын кенине байланышкан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин УКМКнын мекемелер аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Анын жүрүшүндө коррупцияга аралашкан бир нече жогорку кызматтагы адамдарга, Жогорку Кеӊештин депутаттарына кылмышка шектелип жатканы тууралуу кабарланган. Анын ичинде 1992-жылдагы Кумтөр боюнча түзүлгөн башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары 2003-жылдагы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоодогу коррупциялык аракеттери үчүн мурдагы президент Аскар Акаев кылмышка шектелип жатканы жөнүндө кабар берилген. 

Зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана башка маселелерди тактоо үчүн Акаев 2-августта Бишкек шаарына алынып келди. Азыркы учурда Аскар Акаев тергөө органдары менен активдүү кызматташууда. «Ал эми Курманбек Бакиев Кыргызстан аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн Бакиев 30 жылга эркиндигинен ажыратылган», - деп айтылат маалыматта.