Жаңылыктар
Россия Кыргызстанга дагы 24 мугалим жиберүүгө даяр
Билим
Россия Кыргызстанга дагы 24 мугалим жиберүүгө даяр

Россия Кыргызстанга дагы 24 мугалим жиберүүгө даяр. Бул тууралуу Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов билдирди. 

Россиянын Кыргызстандагы илим жана маданият борбору билдиргендей, эки мамлекеттин жана Тажикстандын билим берүү мекемелеринин башчылары кызматташуу тууралуу сүйлөшкөн. Анда Борбор Азия мамлекеттеринде орус тилинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча долбоорду өнүктүрүү негизги маселе катары каралган. "Кыргыз тарап өлкөнүн мектептерине Россиянын мугалимдерин жөнөтүү боюнча долбоорду кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген", — деп айтылат маалыматта. Кравцов Россия Кыргызстанга мугалимдерди жиберүүгө даяр экенин айтып, муну менен алардын саны 54кө көбөйө турганын белгилеген.

Аталган долбоор Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылында башталган. Анда Ош аймагына орус тили жана адабияты, математика, башталгыч класстын 17 мугалими келген. 2020-2021-окуу жылында алардын саны 30га өскөн. Окуу жылынын башталышында педагогдор Оштун мектептерине бөлүштүрүлгөнү айтылды. Бирок карантинден улам сабактар онлайн форматта өткөн.