Жаңылыктар
Эмдөөдөн өткөн наристенин ден-соолугу начарлап кетти
Ден соолук
Эмдөөдөн өткөн наристенин ден-соолугу начарлап кетти

Кызамыка каршы жасалган эмдөөдөн кийин  Сабира Джуманалиеванын кызынын ден-соолугу начарлоодо. Сокулук  районуна караштуу Күн-Туу айылынын тургуну Сабира Джуманалиеванын 2 жаштагы кызына үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан жазалган эмдөөдөн соң эсин жоготуп,  ден-соолугу начарлаган. Тың басып, тыкылдап сүйлөгөн кызынын учурдагы абалы эненин жүрөгүн оорутуп жатат. Үй-бүлөлүк дарыгердин айтмында апасынын шаалакылыгынан улам наристетинин абалы начарлады дешет.

Сабира Джуманалиева  Сокулук районуна карашттуу Күн-Туу айылынын убактылуу тургуну. Ал Күн-Туу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна үй-бүлөсү менен бирге  катоого турган.  Аталган  үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун педиатры Айнагүл Тентимишева, Сабира Джуманалиеванын кызы жөтөлүп  ооруп жаткан чакта кызамыка каршы эмдөөгө уруксат берген. Эмдөөнүн кесепетинен вакцинанын таасири бергенби,  наристенин абалы эртеси начарлап эс учун жоготуп койгон. Эненин айтмында педиатр Айнагүл Тентимишеванын көңүл кош мамилесинен улам кызынын ден-соолугу начарлап араң жан болуп, баспай, сүйлөбөй төрт айдан бери ооруканада жатат.

Ал эми педиатр  болгону сөгүш алып иштен кетпестен кайра жумуш ордунда иштеп жатат дейт.

Ал эми Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун педиатры Айнагүл Тентимишованын айтмында бир гана Сабира Джуманалиеванын кызы эмес 56  балага  мыйзам чегинде эмдөө жүргүзүлдү. Эмдөөдөн кийин бала, эненин көзөмөлүндө болуу шарттары түшүндүрүлгөн. Тилеке каршы Сабира айым, баланы тийштүү деңгээлде көзөмөлдөп  карабай, үй оокаты менен алек болуп жүрө берген дейт.

Кызынын абалын көргөн сайын ичи ачышкан эне эмдөөгө алынган вакцинадан кетти деп шектенип жатканы бар. Бирок Республикалык эмдөө борборунун жетекчилиги бул ойду четке кагышууда.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак бүгүнкү күндө  атайын комиссия түзүлүп, ишти кылдат иликтөөгө алышты. Эмдөөдөн ден-соолугу начарлаган Сабира Джуманалиеванын кызынын абалы орточо, учурда дарыланып жатат. Эми бул фактыдан кийин дарыгерлер эмдөө жүргүзүү учурунда  балдарга кылдат мамиле жасоону колго алышса дешет эксперттер.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118