Жаңылыктар
Коронавирусту балдар алты күндө жеңет
Дүйнө
Коронавирусту балдар алты күндө жеңет

Британиялык окумуштуулар балдар COVID менен ооругандан кийин кандай симптомдор узак мөөнөткө чейин сакталып каларын аныктады. Бул туурасында "Известия" порталы жазды. Изилдөөгө Британиядагы 258 миң окуучу катышкан. 

Анда балдарга коронавирус жай темп менен жугаарын жана алар оорунун оор симптомдорун баштан кечирбей турганы жазылган. Изилдөө учурунда 18 жашка чыга элек балдарга коронавирус жуккандан тарта орто эсеп менен алты күндөн кийин абалы жакшырары белгилүү болгон.

Ошол эле учурда балдар айыккандан кийин 4,4 пайызында COVID-19дун мүнөздүү симптомдору сакталып калган. Алардын басымдуу бөлүгү ар дайым чарчаңкы абалда болуп же сезүүсү начарлап жана башы ооруган. Бирок оорунун мындай белгилеринен үч-төрт жумадан кийин кутулушкан.