Жаңылыктар
Түркиядагы токой өрттөрү Милас шаарындагы жылуулук электр станциясына жетти
Дүйнө
Түркиядагы токой өрттөрү Милас шаарындагы жылуулук электр станциясына жетти

Түркиядагы токой өрттөрү Бодрум аэропортунан бир нече чакырым алыстагы Эгей жээгиндеги Милас шаарындагы жылуулук электр станциясына жетти. 

Мэрия өрттү өчүрүүгө Испаниядан келген бир нече тик учактын экипажы менен эки өрт өчүрүүчү учагынын аракетине карабай, жалын ТЭЦке жайылганын кабарлоодо. Станциянын кызматкерлерин эвакуациялоого туура келди. Жергиликтүү маалымат каражаттары өрттүн бир канча версияларын айтып, полиция менен чалгындоо кызматы бир нече күндөн бери токой өрттөрүнүн себептерин иликтеп жатышат. 

Ошол эле учурда эксперттер трагедияны өтө жогорку температура жана бийликтин чет өлкөлүк жардамды кабыл алуу боюнча кеч кабыл алган чечими менен байланыштырышат. Маалым болгондой, 32 провинциядагы өрттүн негизги бөлүгү көзөмөлгө алынды. Бирок өрттөр буга чейин Түркиянын түштүк жээгиндеги эбегейсиз аймактарды өрттөп, сегиз адамдын өмүрүн алып, миңдеген мал-жандыктар кырылган.