Жаңылыктар
Кенжеев менен Рамонов биринчи кармашында утулуп калышты
Спорт
Кенжеев менен Рамонов биринчи кармашында утулуп калышты

Грек-рим күрөшү боюнча мелдешке түшкөн кыргыз балбаны Мурат Рамонов (130 кг) алгачкы кармашында россиялык спортчу Сергей Семеновго утулуп калды. Кармаш 4:8 эсебинде аяктады. Эми орус балбаны финалга чыга турган болсо, анда Рамоновдо коло үчүн таймашууга укук алат.

Бүгүн спорттун бул түрүнөн дагы 2 комплект медаль ойнотулат. 

Ал эми дагы бир балбаныбыз Жанарбек Кенжеев (85 кг) 1/16 финалда немис спортчусу Денис Максимилиан Кудлага жеңишти тарттырып жиберди.

Таймаштын биринчи бөлүгүндө Кенжеев 0:2 эсебинде утулду. Экинчи бөлуктө кыргыз спортчусу аракет кылганы менен эсеп санын өзгөртө алган жок. Кармаш 2:0дө аяктап, немис балбаны 1/8ге өттү. Эгер ал финалга чыга турган болсо, Жанарбек Кенжеев 3-орун үчүн ат салышууга жолдомо алат.