Жаңылыктар
Арсен Эралиевге 1 миллион сом берилет
Спорт
Арсен Эралиевге 1 миллион сом берилет

 Бразилиядагы жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча 5-орунду ээлеген балбан Арсен Эралиев мамлекеттен 1 миллион сом сыйлык алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдирди.

Алардын маалыматында, Рио-де-Жанейродогу оюндарга катышкандарга сегизинчи орунга чейин акчалай сыйлык каралган. Буга байланыштуу  жетинчи орунду алган дзюдочу Юрий Краковецкий 800 миң сом менен сыйланат. 

Белгилей кетсек, мамлекет алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом, 2-орунга 5 миллион, коло медалга 3,5 миллион сом убада кылган.