Жаңылыктар
Текшерүүчүлөр тизгинделет
Экономика
Текшерүүчүлөр тизгинделет

Мындан ары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен ишкерчилик чөйрөсү негиздүү текшерилет. Президенттин жарлыгына ылайык укук коргоо органдарынын жана салык кызматынын аталган тармактарды текшерүү жараяны өкмөттүн токтому менен жөнгө салынды. Эми текшерүүчүлөр прокуратуранын каттоосунан өтмөйүнчө ишкерлердин да айыл өкмөттөрдүн да короосуна жакындай албайт. 

Текшерүүчүлөрдүн тизгинин тартуу боюнча президенттин жарлыгына ушул жылдын март айында кол коюлган. Ага ылайык баардык текшерүүлөр Башкы прокуратурага катталып коомчулукка ачык болушу керек. Мында пландуу текшерүү 5 күн мурда ал эми капыстан текшерүү бир сутка мурда башкы көзөмөл органы менен макулдашылышы шарт.Президент баштап мындай чечкиндүү чараларга барып жаткандын жүйөлүү себеби бар. Буга чейин бир айыл өкмөттү бир айда кырктан ашык текшерүүчү баскан фактылар катталган. Жолдо кетип бара жатып, тигил же бул ишкерлик чөйрөсүнө кире калып коркуткандар болсо четтен чыгат. 

Белгилей кетсек укук коргоо системасынын реформасына ылайык, ишкерлик чөйрөсүн бир гана экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы текшерет. Баягыдай УКМКдан келдим же бешинчи бөлүмдөнмүн деп кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп ишкерди убайымга салгандар болбойт. Жалпылап айтканда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын прокуратура гана көзөмөлдөсө, ишкерлерди экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тескейт. Бирок айрым улут коопсуздугуна коркунуч туудурган абалдарда ишке тиешелүү органдар кирише алат. Мындан тышкары бул чаралар бир гана мыйзамдуу иштеген ишкерлерге тийиштүү. Ал эми көлөкөдө жашырынып иштегендерди баардыгы каалаган учурунда текшере бериши мүмкүн.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118