Жаңылыктар
Борбор Азия өлкөлөрү аймактык кызматташтыкты арттырат
Саясат
Борбор Азия өлкөлөрү аймактык кызматташтыкты арттырат

Борбор Азия өлкөлөрү аймактык кызматташтыкты арттырат. Бул жолу Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери Түркмөнстандын «Аваза» улуттук туристтик аймагына чогулушту. Борбор Азия мамлекет башчылары консультативдик жолугушууда соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, суу-энергетика багытында кызматташтыкты чыңдоого токтолушту. Жыйында Президент Садыр Жапаров региондогу өлкөлөр баарынан мурда тыгыз интеграцияланышы зарылдыгын айтты.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдү бириктирген саммит Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан сунушталып, 2018-жылдан бери өтүп келет. Консультативдик кеңеш региондук жана эл аралык деңгээлде Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен ымаланы арттырууга түрткү берүүдө. Президент Садыр Жапаров иш-чарада региондогу өлкөлөр экономикалык жактан бир бүтүн болуп айкалышып иштөөлөрү зарыл экендигине токтолду. 

Муну менен катар Садыр Жапаров Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ири көлөмдөгү энергетикалык ресурстарга ээ экенине токтолду. Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу. Буга байланыштуу Кыргызстан энергиянын экологиялык таза булагы болуп саналган ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууга ниеттенүүдө. 

Борбор Азияны дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык шарттар бар. Президент жыйында транспорттук байланышты жакшыртуу боюнча сунуштарды белгиледи. Айтымында “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу келечекте Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги маанилүү линиялардын бири болуп калат.

Борбор Азия мамлекеттери үчүн чек ара маселеси да өтө маанилүү. Жыйында Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек араны тынчтыкта, сүйлөшүү жолу менен чече турганы белгиленди. 

Консультативдик жолугушуу региондогу өлкөлөрдүн лидерлерине көптөгөн актуалдуу маселелерди ортого салганга мүмкүнчүлүк түздү. Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов кеңири өнөктөштүккө басым жасады. Аймактагы товар жүгүртүү 12%га өстү. Бирок бул ар бир өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда аз. Бул жаттагы эң эле натыйжалуу механизм катары биргелешкен аракеттерди белгиилөөгө болот. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы достук, коңшулук мамилелерди чыңдоого багытталган сунуштарды белгиледи. Лидерлердин баамында бүгүнкү күндө Борбордук Азияны стабилдүү, экономикалык жактан өнүккөн регионго айландыруу өтө маанилүү.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода айлантуу6 жарым млрд. доллар. Бул көрсөткүч анча чоң эмес. Андыктан, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү керек. Ал үчүн Түркмөнстанда экономикалык форум өтмөкчү.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы менен 5 мамлекеттин башчылары документ кабыл алышты. Лидерлер иш-чара бириккен мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө алдында өткөнү символикалуу экенин кошумчалашып, Садыр Жапаров кийинки консультативдик жолугушууну Кыргызстан өткөрүүгө даяр экенин билдирди.