Жаңылыктар
Талас районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү башталды
Айыл чарба
Талас районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү башталды

Буудай менен арпанын 15 пайызы орулду. Дыйкандардын айтымында, сугат суу жетиштүү.

Мындагы 3 гектар аянтка буудайдын тоют түрү айдалган. Тоют буудай көп учурда малга жем үчүн эгилип, ашканада колдонулбайт. Учурда эгин бышып жетилип, чабык башталды. Жер ээси Султангазынын айтымында, буудайдан кийин бул жерден чөп алат.

Талас району боюнча жалпы 36 миң гектар айдоо аянты бар болсо, анын 4 миң гектарына кылкандуу дан эгиндери эгилген. 

Айыл чарба адистеринин айтымында буудайдын сапатын көтөрүп, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жерди семиртип, убагында карап сугаруу керек. Талас районунда бул үрөн чарба бул багыттагы иштерди мыктылап колго алган.

Талас районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп, жыйноо маалында 17 комбайн тынымсыз иштеп жатат.