Жаңылыктар
Эки кылым карыткан эски мончо
Аймак
Эки кылым карыткан эски мончо

 Баткен районунан 50 чакырым алыстыктагы Кыштут айылында 1800-жылдары курулган коомдук мончонун имараты сакталып турат. 200 жыл убакыт өтсө да сыны бузулбаган чакан имараттын курулуш материалдарынын сапаты тан каларлык . Айылдыктар тарыхый баалуулук катары эски курулушту сактап, анын баянын кийинки муунга айтып келишет.

Айылга кышында бир ай күн тийбегендиктен ошол мезгилден баштап эле тургундар мончого муктаж болгон дешет. Аны курган адамдын урпактары учурда ушул Кыштут айылда турушат.

 "Жумасына бир жолу жуунуп туруу үчүн, элге кызмат кылуу үчүн курулган мончо. Чоң атамдын мезгилинде бул жерде медресе болгон экен жаш балдар андан сабак алып турушкан. ушул чөлкөмдөгү чоң атамдан сабак алганы келгенде жуунуп турушкан дешет.Ошол максатта курулган экен"- дейт жергиликтүү тургун Үсөн Мухидин.

 Чакан 3 бөлмөдөн турган мончого бир учурда 3,4 киши түшүүгө болот. Биринчи бөлмөсү кийим чечүүчү жай болсо андан кийинкиси жуунганга ынгайлашкан. Үчүнчү бөлмөсүндө 200 литрге жакын сыйымдуулуктагы чоң казанда суу кайначу экен.
 Курулуш материалдары эмнеден жасалганы белгисиз, бирок ачык асман астында турса да сынын алиге чейин жогото элек.Тоо арасындагы айылдыктар үчүн курулган мончо көп жылдар бою кароосуз калган дешет тургундар.
"Кокондон алып келген материалдарын. Цементпи же башкабы билбейбиз ушул мезгилге чейин тургандан кийин катуу нерседа. Өтө күчтүү курулган экен биз кароосуз калтырдык дагы азыркы кейпи ушул. Анан склад кылып алдык идиш койобуз бул жерге" - деп айтышат тургундар
  Айылдагы эски мончону жергиликтүү тургундар учурда идиш аяк сактоочу кампа катары пайдаланышып, өткөн кылымдардан калган тарыхый эстеликти бузбай келишет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118