Жаңылыктар
Рио: Бүгүн Руслан Царев грек-рим күрөшүнөн ат салышат
Спорт
Рио: Бүгүн Руслан Царев грек-рим күрөшүнөн ат салышат

Бүгүн мекендешибиз Руслан Царев грек-рим күрөшүнөн кармашка түшөт. Ал 66 кг салмагында ат салышмакчы. Анын атаандашы Африканын чемпиону, алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болмокчу. Бул таймашта 2 комплект медаль ойнотулат. Мекендешибиз 1/8 финалдан баштап күч сынашат. 

Маалым кыла кетсек, Царевдун кийинки атаандаштары 2008-жылкы Олимпиада чемпиону россиялык Ислам-Бека Альбиев, учурдагы Дүйнө чемпиону азербайжандык Расул Чунаев жана Лондон Олимпиадасында күмүш медаль уткан түштүк кореялык Руи Хан Су бар. 

Эгер ал биринчи атаандашын ута турган болсо, анда ушул спортчулар менен кармашууга туура келет. Бул беттештер бишкек убактысы боюнча кечки саат 19:00дө башталат. Оюндарды КТРК Спорт каналынан көрсөңүз болот.