Жаңылыктар
Интернеттин тарифи кымбатташы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Интернеттин тарифи кымбатташы мүмкүн

Кыргызстан интернеттин тарифи кымбаттайт деген коомчулук арасындагы божомолдого жооп алуу максатында  Казакстандын мамлекеттик мекемесине расмий кат жолдоду. Бул туурасында “Биринчи радиого” Информациялык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти. Буга чейин  Кыргызстандын байланыш операторлор ,бирлигинин  директору Нурбек Абаскановдун ММКна интернеттин тарифи эки-үч эсеге кымбатташы мүмкүн деген  билдирүүсү тараган эле.  IT адистеринин баамында атаандаштыктын күчөп турган мезгилинде интернеттин кымбаттоосу мүмкүн эмес, бул алдын ала сүйлөшүп алуулар болушу мүмкүн.   

Байланыш операторлор ассоциациясынын маалыматы боюнча, кыргызстан географилык жайгашуусу жагынан Казакстандан интернет алып  өтүү боюнча  көз каранды. Алсак кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарапта бир нече байланыш операторлорунун  транзити бар. Алар жайдын ортосунда аймакка интернент таркатуу боюнча өз ара атаандаштыкка кабылышты. Мындай абалда Кыргызстанга бир эле сапат жагынан эмес, арзан баадагы интернетти алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстандын интернент провайдерлери Казакстандык өнөктөштөрүнүн бааны көтөрүп жиберүүсүн түшүнө албай турган кези. Информациялык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Назира  Турдалиева бул суроого жооп алуу үчүн казакстандындык кесиптештенрине расмий кайрылуу жолдошкону менен бөлүштү.

“Информациялык  технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин дарегине, юридикалык  жактардын бирикмесинен кат келип түштү. Анда Байланыш операторлор бирлиги интернеттин баасынын кымбаттай  тургандыгы туурасындагы маалыматтын тегерегинде тынчсызданганын билдиришкен. Алардын маалыматы боюнча  казакстандык  өнөктөштөрү 2016-жылдын 1-августан тарта интернет үчүн баа 2- 3 эсе кымбаттары  эскертилген. Учурда мамлекеттик комитет, расмий кат жолдоп, абалды түшүндүрүүнү  өтүндү”.

Адистердин белгилөөсүндө Кыргызстан интернетти, Казакстандан алса, Казакстан Россиядан алат. Акыркы убакта интернет азык-түлүк сыяктуу эле, колдонуудагы негизги каражаттардын бирине айланды. Андыктан  тарифи саясий өңүт алып, казакстандык байланыш операторлорунун ич ара сүйлөшүп алуусуна алып барды деген ойду ортого салат эксперт Азамат Аттокуров. Анын белгилешинче мындай маселени мамлекеттик деңгээлде чечпесе, интернеттин кыбаттары бышык. IT технологиялары боюнча адис Данияр Матраимовдун пикиринде  коммуникациялык  технолгиялар күн санап өсүп, атаандаштыктын арааны жүрүп турган мезгилде, оңой менен анын баасы кымбаттай койбойт.

Жергиликтүү жана чакан интернент таркатуучу компаниялар азырынча бул абалга комментарий берүүдөн карманышууда. Айрым адистер интернет алуунун альтернативдүү жолу катары Кытайды сунуштап, бирок фейсбук, ютуб сыяктуу сайттарга кирүүдө тооскоолдуктар жаралыш ыктымалдыгын эскертишет. Иликтөөлөргө караганда Кыргызстандын калкынын 70 пайызы интернет колдонуучулар болуп саналат.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”