Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскер бөлүктө коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алган соң абалы начарлаган аскерлер боюнча маалымат берди. Эске салсак, 5-августта аталган аскер бөлүктөгү аскерлерге AstraZeneca вакцинасы сайылып, эртеси күнү 44 аскерде анын кыйыр таасири байкалганы айтылган. Бул окуя эпидемиологиялык иликтөөгө жөнөтүлүп, иштин чоо-жайын териштиргенче вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.
"Бүгүнкү күндө 56 аскердин абалы канааттандырарлык. Вакцинадан кийин пайда болгон клиникалык белгилер (дене табы 39 градустан жогору болуу, баш оору) вакцинага организмдин жооп иретиндеги реакциясы болгон деп бааланды. Бул белгилер ден соолукка олуттуу деле коркунуч алып келбейт. Адатта организм башка да вакциналарга реакция кылып, эмделген адамдын башы ооруп, эти ысыйт. Бирок ал 12-24 сааттын аралыгында өтүп кетет", — деп айтылат маалыматта. Министрлик AstraZeneca вакцинасы өлкө боюнча 9-августтан тарта кайра колдонула баштаарын кошумчалады.