"Мурас" этно майрамына Москвада жашаган сегизден ашуун түрк элдеринин өкүлдөрү катышты. Иш-чара «Маданият диалогу» китепканасында өттү.
Түндүк алдында Орусиянын борборунда жашаган түрк элдеринин өкүлдөрү бирикти. Москва шаарындагы №185 китепканада "Мурас" этно майрамы өттү. Катышуучулар москвалыктарга улуттук кийимдерди көрсөтүп, каада-салт, үрп-адаттары тууралуу да айтып беришти.
Көрүүчүлөрдү бул китепкананын ичине орнотулган боз үй өзүнө тартып турду. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын чеберлеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган. Боз үйдүн ээси, Дамира Казакпаеванын айтымында, мындай иш-чараларга биринчи кезекте жаштарды тартуу керек.
Этно-майрамдын уюштуруучулары айрыкча бөтөн жерде жашап иштеп жүргөн же тарыхый мекенинен алыс туулуп өскөн жаштарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин баса белгилешти. Аларды өз элинин салттарын жана үрп-адаттарын сүйүүгө жана урматтоого тарбиялоо, башкаларга сабырдуулук менен мамиле кылууну үйрөтүү керек экенин айтышты.
Ыр, бий кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү. Иш-чара дагы бир айга созулат. Уюштуруучулар каалоочуларды китепканага келип билимин эле толтуруп кетпестен, түрк элдеринин мурасы менен таанышып кетүүгө чакырат.